Владимир Зеленский Чернигов шаарына кол салуу болгондугун билдирди
Чернигов мэри Александр Ломако да басма сөзгө берген билдирүүсүндө кол салууда 8 кабаттуу бир социалдык объектинин бутага алынганын, имарат жана айланасындагы унаалардын жабыркаганын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Чернигов шаарына Россия тарабынан жасалган ракеталык кол салууда 10 кишинин каза болгонун, 20 кишинин жаракат алгандыгын билдирди.
Зеленский социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө Россиянын өлкөсүнүн Чернигов шаарына ракеталык кол салуу жасагандыгын белгиледи.
Кол салуу болгон аймакта издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын белгилеген Зеленский : "Адамдар уранды астында. Ушул кезге чейин 20 киши жаракат алды. 10 киши каза болду. Каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтамын",- деди.
Чернигов мэри Александр Ломако да басма сөзгө берген билдирүүсүндө кол салууда 8 кабаттуу бир социалдык объектинин бутага алынганын, имарат жана айланасындагы унаалардын жабыркаганын айтты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.