Индонезиядагы жанар тоо атылды
29-апрелге чейин «өзгөчө абал» жарыяланганы маалымдалды.
Индонезиянын Түндүк Сулавеси провинциясындагы Руанг жанар тоосу активдешти.
Индонезиянын вулканология жана геологиялык апааттын кесепеттерин азайтуу борбору (PVMBG) тарабынан жарыяланган билдирүүдө, лава жана күл бүркүгөн жанар тоодо жарылуу болгондугу кабарланды.
Индонезиянын Улуттук апаат борборунун (BPBD) басма сөз катчысы Абдул Мухари атылуудан улам аймактан 828 кишинин эвакуацияланганын жана 29-апрелге чейин «өзгөчө абал» жарыяланганын маалымдады.
Мухари жарылуудан кийин жайылган күлдүн айланадагы байланыш түйүндөрүнө зыян келтиргенин да айтты.
Жанар тоонун эскертүү деңгээлинин үчкө көтөрүлгөнүн билдирген Мухари, шаар тургундарына жана туристтерге этият болууну, жанар тоонун айланасындагы 4 километрдик аянтка кирүүдөн качууну сунуштады.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.