Израиль Газага жардамдардын киришине тоскоол болууда

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси, Газанын түндүгүнө жеткирилүүгө аракет кылынган жардамдарга байланыштуу билдирүү бөлүштү.

2127703
Израиль Газага жардамдардын киришине тоскоол болууда

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), 6-12-апрель күндөрү БУУнун Газанын түндүгүнө координациялаган жардам миссияларынын 41 пайызына бөгөт коюлганын же четке кагылганын билдирди.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) Израилдин блокадасына жана катуу кол салууларына кабылган Газанын түндүгүнө жеткирилүүгө аракет кылынган жардамдарга байланыштуу билдирүү бөлүштү.

6-12-апрель күндөрүндө БУУнун Газанын түндүгүнө координациялаган жардам миссияларынын 41 пайызынына бөгөт коюлганы же кирүүсүнө тыюу салынганы айтылган билдирүүдө: «Израиль бийлигинин гуманитардык жардамды жеңилдетүү милдети, жардамдар жарандарга жеткенде гана аяктайт»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар