Орусиядан Израилге, Палестинага жана Ливанга саякат эскертүүсү

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Израилге кол салуу коркунучунан улам орус жарандарын Израил, Палестина жана Ливанга барбоосун эскертти.

2126888
Орусиядан Израилге, Палестинага жана Ливанга саякат эскертүүсү

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Израилге кол салуу коркунучунан улам орус жарандарын Израил, Палестина жана Ливанга барбоосун эскертти.

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамасктагы Иран консулдугуна кол салуусунан кийин аймакта чыңалуу күчөдү.

Иран Израилден өч алабыз деп коркуткандан кийин Орусия өз жарандарын эскертти.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирди.

«Жакынкы Чыгышта чыңалуу уланууда. Израил-Палестина кагылышуу аймагында жана Ливан менен Израилдин ортосундагы «көк сызык» аймагында туруксуз абал уланууда. Биз Орусиянын жарандарына зарылчылык болбосо, аймакка, өзгөчө Израилге, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан качууну катуу сунуштайбыз», - деди ал.

Бул өлкөлөргө барууну каалаган орустарды бул жердеги орус элчиликтери менен консулдуктарынын расмий интернет сайттарында жарыяланган жарыя жана билдирүүлөрдү байкоого чакырган Захарова, аймактын бир өлкөсү болгон Иорданияга саякат кылуунун эч кандай зыяны жок экенин жана коопсуздук абалы туруктуу экенин билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да маалымат жыйынында сабырдуулукка чакырып: «Учурда аймактагы кырдаалдын толук туруксуздашына жол бербөө үчүн ар бир адам сабырдуулук менен аракет кылуусу абдан маанилүү. Биз аймактагы бардык өлкөлөрдү сабырдуулукка чакырабыз", - деди.



Тектеш кабарлар