Ирандык генерал Израилди өлүмчүл соккулар менен коркутту

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын катчысы, бригаданын генералы Рамазан Шариф  "жакында  Израилге өлүмчүл сокку ура тургандарын"  айтты.

2124355
Ирандык генерал Израилди өлүмчүл соккулар менен коркутту

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын катчысы, бригаданын генералы Рамазан Шариф  "жакында  Израилге өлүмчүл сокку ура тургандарын"  айтты. 

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн билдиргенине караганда, бригаданын генералы Шариф борбор шаар Тегерандагы маалымат жыйынында Ирандын Дамасктагы консулдугуна жасалган кол салууга токтолду.

Израилдин акыркы учурларда учураган жеңилүүлөрдүн кегин Төңкөрүш Гвардиясынын командирлеринен алууга аракет кылгандыгын айткан Шариф : "Эч жерге бара алышпайт жана бул кыймылдар менен күзөтчүлөрүбүздүн мотивациясы эки эсеге чыгат жана жакында сионист режимге өлүмчүл соккулардын урулганына күбө болобуз",- деп айтылды. 

Израилдин Ирандын Дамасктагы консулдук имаратына  1 -  апрелде жасаган абадан кол салуусунда Иран Төңкөрүш Гвардиясынан  экөөсү генерал болгон  7 киши каза болгон. 

Кол салууга ылдам жооп кайтарыла тургандыгын жарыялаган Иран окуядан АКШнын да жооптуу экендигин айткан. 

 



Тектеш кабарлар