Блинкен - Аббас сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Блинкен Палестинада түзүлгөн жаңы кабинетти жылуу кабыл алгандарын белгилеп, биргелешип иштөөнү чыдамсыздык менен күткөндөрүн билдирди.

2123435
Блинкен - Аббас сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Палестинанын жаңы кабинетин талкуулады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, Блинкен Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Блинкен Палестинада түзүлгөн жаңы кабинетти жылуу кабыл алгандарын белгилеп, биргелешип иштөөнү чыдамсыздык менен күткөндөрүн билдирди.

Жаңы министрлер кабинети менен Батыш Шериада да, Газада да Палестина калкына жакшы шарттарды камсыз кылуу үчүн дагы күчтүү аракеттердин жасала аларын айткан Блинкен, барымтадагылардын бошотулушу жана Газада ок атышпоонун тез арада камсыздалышы керектигине басым жасады. Блинкен бул абалда аймакка гуманитардык жардамдардын да тез жеткириле турганын айтты.

Блинкен ошондой эле Израиль коопсуздук кепилдикти алган учурунда көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү максатын көздөй тургандарын кайталады.

Палестинада Мухаммед Мустафанын жетекчилигиндеги жаңы өкмөт 31-мартта президент Аббастын катышуусунда Газанын «башкаруу программасы» менен ант берип кызматка киришкен.



Тектеш кабарлар