АКШ: "Дамасктагы кол салууга тиешебиз жок"

Американын "Axios" сайтына караганда, Улуттук коопсуздук кеңешинин бир өкүлү Axios агенттигине "АКШнын кол салууга тиешеси жок экенин жана бул тууралуу алдын ала кабардар болбогонун" айтты.

2123706
АКШ: "Дамасктагы кол салууга тиешебиз жок"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ), Ирандын Сириянын борбору Дамасктагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жасалган кол салууга тиешеси жоктугун Тегеран администрациясына билдиргени маалымдалды.

Американын "Axios" сайтына караганда, Улуттук коопсуздук кеңешинин бир өкүлү Axios агенттигине "АКШнын кол салууга тиешеси жок экенин жана бул тууралуу алдын ала кабардар болбогонун" айтты.

Кызматкер АКШнын муну Иранга түз жеткиргенин белгиледи.

Иран төңкөрүш сакчылары армиясынын кечээки билдирүүсүндө, Ирандын Дамасктагы элчилигинин консулдук имаратына Израилдин ракеталык кол салуусунда бригада генералы Мохаммед Реза Захиди жана бригада генералы Мухаммед Хади Хаж Рахими менен бирге 7 жетекчинин каза болгондугу жарыялаган.

Тель-Авив администрациясы болсо Ирандын Дамасктагы консулдугунун имаратына жасалган кол салуу үчүн жоопкерчиликти алган жок.



Тектеш кабарлар