Израилдин Газага кол салуусуна нааразычылык билдирилүүдө

Америка Кошмо Штаттарынын  Калифорния штатында митингчилер Израилдин чабуулдарына каршы митингге  чыгышты.

2122394
Израилдин Газага кол салуусуна нааразычылык билдирилүүдө

Израилдин Газадагы кыргынына бүткүл дүйнөдө нааразычылык билдирилүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын  Калифорния штатында митингчилер Израилдин чабуулдарына каршы митингге  чыгышты.

Йемен, Марокко жана Иорданияда Газа тилкесинде жүз миңдеген адамдар палестиналыктар менен тилектештик митингин өткөрүштү.

Германиянын борбор шаары Берлинде полиция  башкы вокзалдын ичинде митингге чыккан Палестина колдоочусу топко  катуу кийлигишти.

Айрым митингчилерди полиция  камакка алды.  

Япониянын борбор шаары Токиодо Израилдин Газага жасаган кол салууларына темир жол жана метро кыймылынын негизги байланыш жерлеринен бири болгон Шинжукуда нааразылык акциясы өткөрүлдү.

 



Тектеш кабарлар