Туск: "Дүйнө жаңы согуш мезгилине кирди"
Дональд Туск 2-дүйнөлүк согуштан (1939-1945) бери эң критикалык мезгилдердин өткөнүнө көңүл буруп, дүйнөнүн жаңы согуш мезгилине киргенин кабыл алуу керектигин айтты.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск, дүйнөнүн жаңы согуш мезгилине киргенин билдирди.
Дональд Туск 2-дүйнөлүк согуштан (1939-1945) бери эң критикалык мезгилдердин өткөнүнө көңүл буруп, дүйнөнүн жаңы согуш мезгилине киргенин кабыл алуу керектигин айтты.
Басма сөзгө маалымат берген Туск алдыдагы эки жылдын бардык нерсени аныктай турганын баса белгилеп: «Эч кимди коркуткум келбейт, бирок согуш эми өтмүштө калган нерсе эмес. Бул чындык жана эки жыл мурун башталган. Учурда эң тынчсыздандырган нерсе - ар кандай сценарий чындык болушу мүмкүн»,-деди.
Польшанын премьер-министри Украинадагы абалдын бир жыл мурункуга караганда алда канча оор, бирок ошол эле учурда согуштун башталышынан (2022) алда канча жакшыраак экенин билдирип: «Биздин негизги милдетибиз, Украинаны орус оккупациясынан коргоо жана Украинаны көз карандысыз, бүтүн мамлекет катары сактап калуу болушу керек»,-деп айтты.