Ирактагы жаратылыш газ кенине кол салуу...

Кол салуудан кийин Кор-Мор жаратылыш газ кенинде өрт чыкты.

2132691
Ирактагы жаратылыш газ кенине кол салуу...

Ирактын Сулейманийе шаарындагы Кор-Мор жаратылыш газ кенине учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан 4 йемендик жумушчу каза болуп, 2 киши жараланды.

Кол салуудан кийин Кор-Мор жаратылыш газ кенинде өрт чыкты.

Окуя болгон жерге көп сандаган тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары жөнөтүлдү.

Йемендик 4 жумушчу каза болуп, 2 киши жараланган кол салуудан кийин иликтөө иштери башталды.

Бийликтер жаратылыш газ кенине олуттуу зыян келтирилгенин, ошондуктан аймакта электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин билдирди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек болсо да, АКШнын Мамлекеттик департаменти энергетикалык инфраструктурага жасалган кол салууну айыптады.

Кор-Мор жаратылыш газы акыркы жылдарда далай жолу бутага алынган.



Тектеш кабарлар