Камбоджада ок-дарылар жарылды: 20 адам каза болду

Жарылуунун себеби азырынча айтыла элек.

2132789
Камбоджада ок-дарылар жарылды: 20 адам каза болду

Камбоджада аскердик ок-дарылардын жарылышынын натыйжасында 20 аскер каза болду.

Премьер-министр Хун Манет Фейсбук баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, өлкөнүн Кампонг Спеу аймагындагы аскердик базада ок-дарылардын жарылуусунан 20 аскердин каза болгонун, кээ бирлеринин жаракат алганын кабарлады.

Аскерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан премьер-министр Хун Манет, окуяда каза тапкандар жана жаракат алгандар үчүн өкмөттүн компенсация төлөй турганын маалымдады.

Жарылуунун себеби азырынча айтыла элек.



Тектеш кабарлар