Нигерияда менингит эпидемиясынан 202 адам каза болду

Идрис бул  убакытта 2172 менингит бейтабынын аныкталып,  202 кишинин каза болгонун билдирди.

2122096
Нигерияда  менингит эпидемиясынан 202 адам каза болду

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири  Нигерияда январь айынан бери менингит эпидемиясынан 202 адам каза болду.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) директору Жиде Идрис, январь айынан бери менингит эпидемиясынын 22 штаттын 96 аймагында жана борбор шаар Абуджада жайылууну улантканын билдирди.

Идрис бул  убакытта 2172 менингит бейтабынын аныкталып,  202 кишинин каза болгонун билдирди.

Ооруларды көзөмөлдөө борборунун менингит боюнча  тез операция борборлорун түзгөнүн белгилеген Идрис, эпидемиядан жабыркаган аймактага улуттук тез жооп берүү топторунун жиберилгенин айтты.

Нигерия өкмөтү 2030-жылга чейин ооруну жеңүү үчүн жаңы чараларды көрүп жатканын жарыялады.

Аба аркылуу жугуучу менингит мээден баштап бүт денени жабыркатат.



Тектеш кабарлар