Кызыл деңизде британиялык кемеге чабуул коюлду

Британиянын кемечилик уюму (UKMTO) Йемендин түштүк-батышындагы Меха шаарынан алыс эмес жерде Кызыл деңизде бир кемеге эки жолу кол салуу болгонун билдирди.

2132680
Кызыл деңизде британиялык кемеге чабуул коюлду

Кызыл деңиздин жээгине жакын жерде британиялык кемеге ракеталык сокку урулду.

Британиянын кемечилик уюму (UKMTO) Йемендин түштүк-батышындагы Меха шаарынан алыс эмес жерде Кызыл деңизде бир кемеге эки жолу кол салуу болгонун билдирди.

Биринчи чабуул кеменин жанында болуп, 2 ракета менен жасалган экинчи чабуул кемеге зыян келтирди.

Иран колдогон хуситтер Кызыл деңизде британиялык мунай кемеси Andromeda Starды ракета менен атканын жарыялашты.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхья Сери өлкөнүн түндүгүндөгү Сада шаарында Америкага таандык бир учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүшкөнүн жарыялады.

Сери, MQ-9 тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттын Сада асманында ракета менен атылып түшүрүлгөнүн белгиледи.

Сери Газадагы блокада жана кол салуулар аяктаганга чейин аскердик «операцияларды» уланта тургандарын баса белгиледи.

Йеменде Иран колдогон хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына реакция катары 2023-жылдын 31-октябрынан бери Йемендин жээктеринде Израилдик компаниялар менен байланышы бар коммерциялык кемелерди басып алууда жана алардын айрымдарына учкучсуз учуучу аппараттар ​​ жана ракеталар менен кол салууда.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимине келди.



Тектеш кабарлар