Германияда учак менен кат ташуу токтотулду

Маалыматта: «Түндүк менен Түштүк Германиянын ортосундагы акыркы түнкү почта каттамдары 28-мартка караган түнү ишке ашты»,- деп айтылды.

2121752
Германияда учак менен кат ташуу токтотулду

Германиянын Почта башкармалыгы (Deutsche Post) өлкө ичинде түн ичинде учак менен кат ташуунун токтотулганын жарыялады.

Deutsche Post гезитинин билдирүүсүндө, 63 жылдан бери уланып келе жаткан каттарды түн ичинде учак менен ташуу режиминин токтотулганы белгиленди.

Маалыматта: «Түндүк менен Түштүк Германиянын ортосундагы акыркы түнкү почта каттамдары 28-мартка караган түнү ишке ашты»,- деп айтылды.

Каттарды ташуу үчүн учактардын Штутгарт-Берлин, Ганновер-Мюнхен жана Ганновер-Штутгарт каттамдарында акыркы жолу учуп чыкканы, туруктуулук үчүн бул каттамдардагы каттардын эми кургактык менен гана ташыла турганы кабарланды.

Ушундайча Deutsche Postтун бул багыттардагы ташуу учурунда чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгын азайтары билдирилди.



Тектеш кабарлар