Украина : Россиянын кол салуудан кабары болгон

Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Кирилл Буданов Россиянын Крокус Сити Холлдогу теракт тууралуу 15 - февралдан бери кабарынын бар экендигин билдирди.

2121677
Украина : Россиянын кол салуудан кабары болгон

Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Кирилл Буданов Россиянын Крокус Сити Холлдогу теракт тууралуу 15 - февралдан бери кабарынын бар экендигин билдирди.

Будановдун айтымында, орус чалгындоо кызматы кол салгандардын кайдан келери, Россияга кайсы эки өлкөдөн кире турганы сыяктуу окуянын дээрлик бардык чоо-жайын алдын ала билген.

Буданов : "2024 -  жыл  14 -  февралдан бери Россия кол салуу даярдыгынан кабары болгон. Бул маалымат уюмдун Сирия чалгындоосунан өтүп Москвага жетти",- деди. 

Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору Россиянын кол салууга эмне үчүн көз жумганы тууралуу эки божомол жүргүздү :  «Биринчиден – Кремль мунараларындагы көнүмүш болгон салгылашуулардын бири – бир нече адамды кызматтан алуу үчүн уюштурулган болушу мүмкүн. Экинчиден - алар эмне болорун так эсептешкен эмес.  Кичине масштабда   нерсени күтүшкөн, андан кийин Украинаны күнөөлөшмөк".

22-мартта террордук топ  Крокус Сити Холлдогу көрүүчүлөргө ок атып, имаратты өрттөшкөн. Теракттын кесепетинен кеминде 143 адам каза болуп, 180 адам жаракат алып, 95 адам дайынсыз болууда.

Кол салуунун жоопкерчилигин ДЕАШ-Хорасан террордук уюму моюнга алды.  АКШ да кол салууну бул уюмдун жасаганын ырастады. Бирок Кремль чабуулдун артында Украина турушу мүмкүн экендигин ойлоп жатат. 

 



Тектеш кабарлар