Трамп интернеттен Инжил сатышын баштады

Дональд Трамп социалдык медиа эсеби Truth Socialда жарыялаган видеодо шайлоочуларды Инжил сатып алууга чакырды.

2121396
Трамп интернеттен Инжил сатышын баштады

Америка Кошмо Штаттарында ноябрь айында боло турган президенттик шайлоодо Республикачыл партиядан жетиштүү делегация санына жетишип талапкерлигин кепилдикке алган мурдагы президент Дональд Трамп интернеттен Инжил сатышын баштады. 

Дональд Трамп социалдык медиа эсеби Truth Socialда жарыялаган видеодо шайлоочуларды Инжил сатып алууга чакырды.

Бул жумада белгилене турган "Куттуу жума" жана "Пасха" майрамдарына токтолгон Трамп  постунда :  "Ыйык жума кут болсун! Американын кайрадан сыйынышына мүмкүнчүлүк түзөлү. Куттуу жума жана Пасха майрамы жакындап сиздерди  "Кудай АКШны колдосун. Инжилдин  бир көчүрмөсүн алууга чакырам",- деди. 

Трамп видеодо : "Бардык америкалыктардын үйүндө бир Инжилге муктаждык болот жана менде да көп бар. Бул менин эң көп сүйгөн китебим. Инжилди алууңузду колдоп жана кубаттоодон сыймыктаным",- деди. 

Трамп сатып алууга багыттаган веб-сайтында Инжил  59,99 доллага сатылууда. 

Интернет сайтында дизайнында Трампка шайлоо өнөктүктөрүндө  колдоо берген фольклордук музыка өнөрпозу Ли Гринвуддун "Кудай Американы колдосун" атуу ырынан шыктандырылгандыгы белгиленген жна мукабасында АКШнын желеги орун алган китеп үчүн "Президент Трамп колдоо көрсөткөн бир гана  Инжил",- деп айтылды. 

Дональд Трамптын интернет аркылуу Инжил  сатышы  акыркы айларда соттолгон Э.Жан Кэрролл аттуу аялга төлөй турган компенсация жана кыймылсыз мүлк тармагындагы алдамчылык ишинде салынган айыптан улам каржылык кыйынчылыкка кабылганы айтылууда. 

Мурдагы президент шайлоо өнөктүгүнүн алкагында кайрымдуулук чогултуу үчүн буга чейин да интернет  сайтынан  астронавт, ковбой жана супербаатыр каармандары менен кроссовка, оюн картасы сыяктуу буюмдарды саттыкка чыгарган. 

 

 



Тектеш кабарлар