Сомалинин премьер-министри: "Түркия биздин туруктуу союздашыбыз"

Абди Барре Түркиянын Могадишодогу элчиси болуп дайындалган Алпер Акташты кабыл алгандан кийинки билдирүүсүндө, эки өлкөнүн карым-катнаштарына басым жасады.

2121251
Сомалинин премьер-министри: "Түркия биздин туруктуу союздашыбыз"

Сомалинин премьер-министри Хамза Абди Барре Түркиянын алар үчүн «өзгөрбөс союздаш» экенин айтты.

Сомалинин SONNA агенттигинин кабарына караганда, Абди Барре Түркиянын Могадишодогу элчиси болуп дайындалган Алпер Акташты кабыл алгандан кийинки билдирүүсүндө, эки өлкөнүн карым-катнаштарына басым жасады.

Өлкөсүнүн Түркия менен бир туугандык жана кызматташтыктын терең тарыхы бар экенин баса белгилеген Барре: «Түркия биздин туруктуу союздашыбыз»,-деди.

Премьер-министр Барре элчи Акташты жаңы кызматы менен куттуктап, Сомалиге кыйын мезгилде колдоо көрсөткөн Түркиянын ар түрдүү өнүгүү долбоорлоруна да чоң салым кошконуна көңүл бурду.

Элчи Акташ болсо карым-катнаштарды мындан ары да бекемдей тургандарын белгилеп, Сомали өкмөтү жана элинин жылуу меймандостугуна канааттанганын билдирди.



Тектеш кабарлар