Сенегалдын жаңы президенти

Улуттук шайлоо комиссиясы, президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын коомчулук менен бөлүштү.

2121316
Сенегалдын жаңы президенти

Сенегалда 24-мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоонун так эмес жыйынтыгына караганда, Бассиру Диомай Фай добуштардын 54,2 пайызын алып жеңишке жетишти.

Улуттук шайлоо комиссиясы, президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын коомчулук менен бөлүштү.

Буга ылайык, оппозициянын талапкери Бассиру Диомай Фай добуштардын 54,2 пайызын алуу менен жеңгенин жарыялады.

Шайлоого катышуу көрсөткүчү 61,3 пайызды түзгөнү кабарланса, өкмөттүк коалициянын талапкери Амаду Ба 35,7 пайыздык добуш алды.

Расмий жыйынтыктардын дем алыш күндөрүнө чейин жарыяланышы күтүлүүдө.

Оппозиция лидери Усман Сонко алган жазадан улам шайлануу укугунан ажыраган соң, Сонконун ордуна анын оң колу Диомай Файдын президенттик шайлоого катышуусуна чечим чыгарылган.

Шайлоо процесси башталганда камакта болгон Фай менен Сонко саясий жалпы мунапысты пайдаланып, шайлоого 10 күн калганда 14-мартта бошотулган.

44 жаштагы Фай Сенегалдын гана эмес, Африканын да шайланган эң жаш президенти болуп калды.

Ошондой эле Фай Сенегалда биринчи айлампада эле шайланган оппозициянын президенттикке талапкери катары тарыхта калды.



Тектеш кабарлар