ЮНЕСКОнун отчетторуна Газа да кошулат

Түркиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү элчи Гүлнур Айбет ЮНЕСКОнун 219 -  иш алып баруу кеңешинин жыйынынын акыркы күнүндө сүйлөгөн сөзүндө жыйындын түшүмдүү өткөндүгүн айтты.

2121344
ЮНЕСКОнун отчетторуна Газа да кошулат

Түркиянын демилгеси менен ЮНЕСКОнун мындан кийинки отчетторунда Газа да орун алат.

Түркиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү элчи Гүлнур Айбет ЮНЕСКОнун 219 -  иш алып баруу кеңешинин жыйынынын акыркы күнүндө сүйлөгөн сөзүндө жыйындын түшүмдүү өткөндүгүн айтты. 

Айбет бул сессиянын консенсус менен көп нерсенин жасала турганын көрсөткөнүнө көңүлдөрдү буруп : "Бардык нерседе макулдашуубуз мүмкүн болбосо да түшүнүшүү жана чеберчилик менен келишим түзө алабыз жана бул мекемени канчалык алдыга жылдыра аларыбызга чечим чыгарабыз",- деп баа берди. 

ЮНЕСКОнун Газага карата Кыймыл планын ыраазычылык менен кабыл алгандарын белгилеген Айбет : "ЮНЕСКОнун кийинки эки жылдык аткарган иштерин  баяндаган С 5 отчетунда Газадагы аткарган иштери да орун ала турган отчет беришинен ыраазыбыз",- деди. 

Эл аралык мекемелерге болгон ишеним азайган бир мезгилде бул ишенимди кайрадан кутуу менен милдеттүү экендерин айткан Айбет : "Мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделген эл аралык система айрымдар үчүн эле эмес, бардыгы үчүн», - деди.

Айбет Түркиянын демилгеси менен ЮНЕСКОнун аткарган иштери тууралуу отчетторуна мындан кийин Газанын кошулураны белгиледи.

Түркиянын демилгеси менен ЮНЕСКОнун расизм, дискриминация жана жек көрүү кылмыштары боюнча чечимине ыйык китептерге каршы кылмыштарды эл аралык укук бузуу катары эсептеген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечими кошулду.

 



Тектеш кабарлар