Газа тилкесинде  1,1 миллион кишинин азык  - түлүк коопсуздугуна дуушар болгондугу билдирилди

Израиль 7 -  октябрдан бери 2,3 миллион палестиналык жашаган Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден кол салууларын улантууда.

2121655
Газа тилкесинде  1,1 миллион кишинин азык  - түлүк коопсуздугуна дуушар болгондугу билдирилди

Израиль мажбурлоо менен ач жана суусус калтырып, жардамдардын киришине тоскоол болгон Газа тилкесинде  1,1 миллион кишинин азык  - түлүк коопсуздугуна дуушар болгондугу билдирилди. 

Израиль 7 -  октябрдан бери 2,3 миллион палестиналык жашаган Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден кол салууларын улантууда. 

Кол салуулардан улам көбү аялдар жана балдардан турган 32 миң 490 палестиналык каза болуп, 74 миң 889 палестиналык жараланды.

Газадагы 1,9 миллион палестиналык абадан, кургактыктан жана деңизден жасалган кол салуулардан улам жер которду.  Израиль жараткан кыйынчылыктардан улам аймакка жетиштүү жардам жеткириле албай жатат.

Палестиналыктар бир тараптан Израилдин кол салуулары менен, бир  тараптан да күн сайын тереңдеп бараткан ачарчылык менен күрөшүүдө. 

Өзгөчө Газанын түндүгүндө жашаган палестиналыктар ун таба албагандыктан жаныбарлар жеген жемдерди майдалап жегенге мажбур болгондугу  билдирилүүдө. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) - Палестинанын Х социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө Газадагы ачарчылыкка көңүл бурулду.

Билдирүүдө өзгөчө түндүктө болуу менен адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жетиштүү азык-түлүк жардамын кургактык аркылуу бөлүштүрүүгө альтернативдин жок экендиги  баса белгиленип : "Бирок (Израиль тарабынан) тоскоолдуктар улантылууда жана убакыт акырына чыгып баратат. Газада 1,1 миллиондон ашуун киши азык  - түлүк коопсуздугу менен бетме  - бет",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар