Израиль басмасы: «Нетаньяху абдан тынчсызданып жатат»

Израилдин «Маарив» гезитиндеги кабарда Нетаньяхунун Нидерландиянын Гаага шаарында Эл аралык кылмыш соту тарабынан камакка алуу ордеринин чыгарылышы ыктымалынан улам «абдан корккон жана чыңалган абалда экени» белгиленген.

2132908
Израиль басмасы: «Нетаньяху абдан тынчсызданып жатат»

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Эл аралык кылмыш соту (ICC) тарабынан камакка алуу ордеринин чыгарылышы мүмкүндүгүнө «өтө тынчсызданып» жатканы кабарланган.

Израилдин «Маарив» гезитиндеги кабарда Нетаньяхунун Нидерландиянын Гаага шаарында Эл аралык кылмыш соту тарабынан камакка алуу ордеринин чыгарылышы ыктымалынан улам «абдан корккон жана чыңалган абалда экени» белгиленген.

Нетаньяхунун акыркы бир нече күндө эл аралык лидерлер жана жооптуу кызматкерлер менен, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен телефон аркылуу байланышып, ага карата камакка алуу ордеринин чыгарылышына жол бербөө үчүн көп жолу телефон чалганына көңүл бурулду.

Израилдин премьер-министринин кыйыр түрдө президент Байденге ыктымал камакка алуу ордерине каршы чара көрүшү үчүн кысым көрсөтүүгө аракет кылганы белгиленди.

Нетаньяхунун Эл аралык соттун мүмкүн болгон чечимине бөгөт коюу үчүн Нидерландия, Чехия жана Австриядагы кесиптештери менен сүйлөшө турганы кабарланган.

Израилде 12-каналдын 19-апрелдеги кабарында Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху жана Израилдин жогорку даражалуу аткаминерлери Газа тилкесинде согуш кылмыштарын кылган деген жүйө менен эл аралык камакка алуу ордерин берүү үстүндө иштеп жатканы жарыяланды.



Тектеш кабарлар