Канададагы токой өрттөрү көздү коркутат
CBC News телеканалынын маалыматына ылайык, провинциянын бийлик өкүлдөрү 10-майда башталган токой өрттөрү күчөп, шамалдын таасири менен жалын облустун түндүк-чыгыш тарабына бурулганын билдирди.
Канаданын батышындагы Британ Колумбия провинциясындагы токой өрттөрүнөн улам миңдеген адамдардын жашаган аймактарды таштап кетүүсү талап кылынды.
CBC News телеканалынын маалыматына ылайык, провинциянын бийлик өкүлдөрү 10-майда башталган токой өрттөрү күчөп, шамалдын таасири менен жалын облустун түндүк-чыгыш тарабына бурулганын билдирди.
Сөз болуп жаткан аймактын айланасындагы конуштардын өрт коркунучу бар экенине көңүл бурган бийлик, 3 миңге жакын кишини «дароо аймакты таштап кетүүгө» чакырды.
Жооптуу кызматкерлер өрт күчөп, жолдор жабылып, электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.
Өрттөн улам коңшу Альберта провинциясында да «эвакуация» эскертүүсү берилди.
Провинциянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, учурда Британ Колумбиясында 121 жана Альбертада 52 өрт активдүү.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.