БУУнун комиссары Түрк Израилге каршылык көрсөттү
Газадагы гуманитардык абалдын трагедиялуу деңгээлде экенине көңүл бурган Түрк: «Тез арада ок атышпоо керек»,-деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк, Израилдин Газага гуманитардык жардам көрсөтүүгө бөгөт коюшунун согуштук кылмышы экенин белгиледи.
Фолькер Түрк Газадагы гуманитардык абалга баа берди.
Газадагы гуманитардык абалдын трагедиялуу деңгээлде экенине көңүл бурган Түрк: «Тез арада ок атышпоо керек»,-деди.
Израилдин баскынчы мамлекет катары Газага гуманитардык жардамдын кирүүсүн камсыз кылуу милдети бар экенин баса белгилеген Түрк : «Гуманитардык жардам каалаган көлөмдө жана ылдамдыкта жетпесе абдан олуттуу суроо белгилери жаралат»,-деди.
Түрк : "Бул маселеде Израил күнөөлүүбү?" ,- деген суроого : "Ооба. Израиль олуттуу түрдө айыпталат",- деп жооп берди.
Түрк : "Газада блокада менен жарыяланган массалык жазаландыруу согуштук кылмыш",- деди.
Тектеш кабарлар
Израиль-Ливан чек арасындагы чыңалуу...
Кол салуудан улам аймактагы кээ бир үйлөр жана унаалар жараксыз абалга келди.