Германия жикчил террор уюму ПККнын митингине уруксат берген жок

Борбор калаа Берлиндеги Александрплатц аянтында чогулган 10го жакын киши, тыюу салынганына карабастан ПККнын корбашчысынын сүрөтү тартылган желекти ачышты.

2132859
Германия жикчил террор уюму ПККнын митингине уруксат берген жок

Түркиянын НАТОдогу өнөктөшү Германия жикчил террор уюму ПККнын митингине уруксат берген жок.

Борбор калаа Берлиндеги Александрплатц аянтында чогулган 10го жакын киши, тыюу салынганына карабастан ПККнын корбашчысынын сүрөтү тартылган желекти ачышты.

Немис полициясы ПКК тарапкерлерине кийлигишип, демонстрацияга уруксат бербей, чогулгандарды таркатты.

1993-жылы ПККны террордук уюмдардын тизмесине киргизген Германия, демонстрацияларда корбашчысынын сүрөттөрүн жана ПККга тиешелүү символдорду алып жүрүүгө жана илүүгө тыюу салган.

Европа Биримдиги да ПККны 2004-жылдан бери террордук уюм катары аныктаган.



Тектеш кабарлар