Австралиянын бир шаарында жаштарга көчөгө чыгууга жарым-жартылай тыюу салынды

Алис-Спрингс шаарынын айрым жерлеринде зомбулук окуялары болду.

2121355
Австралиянын бир шаарында жаштарга көчөгө чыгууга жарым-жартылай тыюу салынды

Австралиянын туристтик Алис-Спрингс шаарында зомбулук күчөгөндөн кийин жаштарга жарым-жартылай коменданттык саат киргизүү чечими кабыл алынды.

Түндүк Территориялар аймагындагы Алис-Спрингс шаарынын айрым жерлеринде зомбулук окуялары катталды.

Жаштар да арасында болгон 70ке жакын киши бир ишканага кирпич, таш ыргытуу менен кол салышты.

Ишканага кол салгандардын 5ин полиция кармап, кол салууда колдонулган 50дөн ашуун куралды колго түшүрдү.

Шаардын четиндеги бир аймакта да 150гө жакын кишинин ушундай зомбулукка аралашкандыгы кабарланды.

Бул чыңалуунун, жол кырсыгынан каза болгон жигиттин жакындарына байланыштуу экени айтылды.

Штаттын премьер-министри Эва Лоулер Алис Спрингсте "өзгөчө кырдаал" жарыяланып, ушуга окшогон жагдайлар менен күрөшүү үчүн полициянын санынын көбөйтүлөрүн билдирди.

Лоулер шаарда 2 жума бою 18 жаштан кичүү жаштарга күн сайын жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00ден баштап 12 сааттык коменданттык саат киргизиле турганын айтты.



Тектеш кабарлар