АКШда "Mega Millions" лотереясынын жеңүүчүсү аныкталды

"Mega Millions" лотереясын Нью-Жерси штатынан бир адам утуп алды.

2121107
АКШда "Mega Millions" лотереясынын жеңүүчүсү аныкталды

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) болжол менен 1,13 миллиард долларлык "Mega Millions" лотереясын Нью-Жерси штатынан бир адам утуп алды.

АКШ тарыхындагы бешинчи эң чоң "Mega Millions" лотереясы ээсин тапты.

4 айга жакын убакыттан бери топтолуп келген лотереянын бактылуу сандары 7, 11, 22, 29, 38 жана 4.

Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 13 билет ээси да биринчи ойнотулган 5 топтун сандарын дал келтирүү менен 1 миллион доллардан кем эмес байгеге ээ болушту. Нью-Йоркто да бир адам 2 миллион долларды утуп алды.

Лотереянын жеңүүчүсү сыйлыктын жылдык төлөмүн кабыл алса 1,13 миллиард долларга же бир жолку төлөмдү кааласа 537,5 миллион долларга ээ болот.

АКШнын 45 штатында, борбор Вашингтондо жана Виргин аралдарында ойнолуучу " Mega Millionsту" акыркы жолу 8-декабрда бир киши утуп алган.

Өлкөнүн тарыхындагы эң чоң лотерея джекпоттору болсо 2022-жылдын ноябрында 2,04 миллиард долларды жана 2016-жылдын январында 1,586 миллиард долларды түзгөн Powerball лотереялары болгон.



Тектеш кабарлар