Гутерриш: «Газага чукул ок атышпоо жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын убагы келди»

БУУнун интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Гутерриш Египет менен Газанын ортосундагы Рефах чек ара капкасынын алдында маалымат жыйын өткөрдү.

2119421
Гутерриш: «Газага чукул ок атышпоо жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын убагы келди»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Газага чукул ок атышпоо жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын убагы келгенин билдирди.

БУУнун интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Гутерриш Египет менен Газанын ортосундагы Рефах чек ара капкасынын алдында маалымат жыйын өткөрдү.

Газалыктардын Израилдин кол салууларынан улам түгөнгүс коркунучтуу түш көрүп жатканын белгилеген Гутерриш үйлөр кыйрап, үй-бүлөлөр жана муундар толугу менен кыйрап, адамдардын ачарчылык жана жокчулуктун чеңгелинде калганын белгиледи.

Гутерриш, бир нече айга созулган кыйынчылык жана азаптан кийин палестиналыктардын Рамазан айына Израилдин кол салуулары жана гуманитардык жардамдардын киришине тоскоолдуктары менен киргенин айтты.

Палестиналыктарга тилектештигин көрсөтүү үчүн орозо кармаган Гутерриш Газадагылардын ифтарда жегенге тамак таба албай жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Рефах чек ара дарбазасынын эки тарабында Газага кирүүнү күткөн жүк ташуучу унаалар тизилип турганда  чек аранын аркы тарабындагылардын ачкачылыктан жапа чегип жатканын белгилеген Гутерриш: «Жагдай трагедиялуу жана моралдык жактан кыжырдантат»,-деп белгиледи.

Кол салуу чөйрөсүнүн кеңейиши карапайым калктын, бүткүл калктын жана Израилдик туткундардын абалынын начарлашы экенин баса белгилеген Гутерриш: «Дароо ок атышпоонун камсыздалышы, Израиль Газанын бардык аймактарына гуманитардык жардамды толук жана чексиз ташып жеткирүү милдетин аткарууга жана туткундарды бошотууга убакыт келди», - деди.

Газадагы палестиналыктарга «сен жалгыз эмессиң» деп кайрылган Гутерриш, дүйнөнүн төрт тарабында адамдардын күн сайын көргөн мыкаачылыкка кыжырданганын билдирди.



Тектеш кабарлар