Бразилияда жер көчүдөн 12 киши каза тапты

Бийликтен жасалган билдирүүдө акыркы 24 саатта жааган жамгырдан улам көп жер көчкү билдирүүлөрү түшкөнү жана кээ бир аймактарда эвакуациялоо иштери башталганы белгиленди.

2119312
Бразилияда жер көчүдөн 12 киши каза тапты

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаары жана Эспириту-Санто штаттарында катуу жааган жамгырдан улам болгон жер көчкүдө 12 киши каза болду.

Бийликтен жасалган билдирүүдө акыркы 24 саатта жааган жамгырдан улам көп жер көчкү билдирүүлөрү түшкөнү жана кээ бир аймактарда эвакуациялоо иштери башталганы белгиленди.

Ушул убакка чейин жер көчкүдөн 12 адам каза болсо, кээ бир адамдардын дайынсыз жоголгону кабарланды.

Рио-де-Жанейро шаарында катуу бороон жана торнадодон улам "өзгөчө кырдаал" жарыяланды.

Петрополис шаарында кээ бир үйлөрдүн кыйрап, 500 кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгону белгиленди.

Жарандык коргонуу жана өрт өчүрүү топтору зыян тарткан аймактарда издөө-куткаруу иштерин баштады.

Метеорологиялык кызматтын билдирүүсүндө нөшөрлөгөн жамгыр жана бороондун бир канча убакытка чейин улана турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар