Мицотакис Израилге каршылык көрсөттү

Египетке барган Кирякос Мицотакис президент Абдель Фаттах ас-Сиси тарабынан кабыл алынды.

2116529
Мицотакис Израилге каршылык көрсөттү

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис палестиналыктардын Египетке күч менен жөнөтүлүшүнүн кабыл алынгыс экенин айтты.

Египетке барган Кирякос Мицотакис президент Абдель Фаттах ас-Сиси тарабынан кабыл алынды.

Жолугушууда Газадагы абалга абдан тынчсызданганын белгилеген Мицотакис: «Ок атышууну токтотуу жана барымтадагылардын тез арада бошотулушу боюнча чакырыгымды кайталайм»,-деди.

Израилдин газалыктарды Египетке сүргүн кылуу саясатына да токтолгон Мицотакис: «Палестиналыктардын Египетке күч менен сүрүлүшү кабыл алынгыс»,-деди.

Рефах шаарынын кургактыктан ыктымалдуу оккупациясынын өзүн жана башка европалык лидерлерди да тынчсыздандырганын билдирген Мицотакис, Газадагы ыраатсыздыктын бүткүл аймакка жайылышын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешип иштеши керектигин айтты.

7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында көбү балдардан турган 32 миңге жакын адам каза болду.



Тектеш кабарлар