Израиль Cирияга кол салды

Сирия режимине жакын социалдык медиа эсептеринде Израиль согуштук учактарынын Каламон аймагындагы көптөгөн пункттарды бутага алганы белгиленди.

2116321
Израиль Cирияга кол салды

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамасктын түндүгүндөгү Каламон аймагына кол салганы айтылды.

Сирия режимине жакын социалдык медиа эсептеринде Израиль согуштук учактарынын Каламон аймагындагы көптөгөн пункттарды бутага алганы белгиленди.

Сөз болгон кол салууга байланыштуу Израиль же Сирия режими тарабынан азырынча эч кандай билдирүү жасала элек.

Каламон аймагында Иран колдогон топтор бар экени белгилүү.

Израиль Сириядагы жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери Иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункттарга маал-маалы менен кол салып келет.



Тектеш кабарлар