Израилдин согуш чыгашалары

Кнессет Газага 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салуулар жана түндүктөгү коопсуздук көйгөйлөрүнүн себебинен өзгөртүлгөн 2024-жылдын жалпы бюджети менен кошумча мыйзам долбоорлорун бекитти.

2115293
Израилдин согуш чыгашалары

Израиль парламенти (Кнессет) Газага кол салууларынан кийин өзгөртүлгөн 2024-жылдын бюджетин бекитти.

Жаңы бюджет, согуш чыгашаларынан улам жалпысынан 70 миллиард шекелге өсүү менен 584,1 миллиард шекелге (болжол менен 160 миллиард доллар) жетти.

Кнессет Газага 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салуулар жана түндүктөгү коопсуздук көйгөйлөрүнүн себебинен өзгөртүлгөн 2024-жылдын жалпы бюджети менен кошумча мыйзам долбоорлорун бекитти.

Израилдеги Yediot Ahronot гезити темага байланыштуу кабарында: «Үч жумадан ашык убакыттан кийин Парламенттин жалпы кеңеши согуштун муктаждыктарына ылайык 2024-жылдын бюджетинде киргизиле турган өзгөртүүлөрдү бекитти» деп айтылды.

Өзгөртүлгөн бюджет 120 депутаттын 55инин “макул” 62синин “каршы” добушу менен кабыл алынды.

Ушундайча жаңы бюджеттин, согуш чыгашаларынан кийин 70 миллиард шекелге өсүү менен 584,1 миллиард шекел (болжол менен 160 миллиард доллар) болушун көздөгөн кошумча бюджет мыйзам долбоору бекитилген болду.



Тектеш кабарлар