Украина Белгородго сокку урду

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Telegram-каналындагы билдирүүсүндө, кол салуудан 20 кишинин жаракат алганын айтты.

2138561
Украина Белгородго сокку урду

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Украина армиясынын Белгород шаарына кол салуусунда 19 кишинин каза болгонун кабарлады.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Telegram-каналындагы билдирүүсүндө, кол салуудан 20 кишинин жаракат алганын айтты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө да, Украина армиясынын Белгород шаарына «террордук» чабуул жасаганы белгиленди.

Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путинге Белгород шаарындагы кырдаал тууралуу маалымат берилгенин жарыяласа, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Telegram каналынан "кол салуунун артында Киев башкаруучулугу менен Батыштын турганын" айтты.



Тектеш кабарлар