Эл аралык Мунапыс уюму эл аралык коомчулукка Газа тууралуу каршылык көрсөттү

Израилдин Газага кургактык жолдорун чектеши, жардамдардын токтотушан улам аймакта убактылуу порт куруу планын өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден жарыялаган.

2115443
Эл аралык Мунапыс уюму эл аралык коомчулукка Газа тууралуу каршылык көрсөттү

Эл аралык Мунапыс уюмунун баш катчысы Агнес Калламард эл аралык коомчулукту Израилдин Газадагы “алдын ала пландалган ачарчылыкка” көңүл бурбай жатканын жана “аймактагы абалды гуманитардык кризис катары көрсөтүү менен алек” болуу менен сынга алды.

Агнес Калламард X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө : "Эл аралык коомчулук Газада болуп жаткандарды “гуманитардык кризис” катары көрсөтүү менен алек болуп,  Израиль эч кандай кылмыш жазасы жок эле эл аралык мыйзамдарды бузууну улантууда”,- деп баа  берди.

Калламард АКШнын  гуманитардык жардам жана абадан гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Газа жээгинде курууну пландаган убактылуу порттун Израилдин эл аралык укук бузууларына жана «алдын ала пландалган ачкачылыкка»  чечүүчү жол таба  албастыгын белгиледи.

Калламард  Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча агенттигинин (UNRWA) кечээки билдирүүсүнө шилтеме жасап, Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында анын бир кызматкердин каза болгонун жана 22 палестиналыктын жараланганын билдирди.

Израилдин Газага кургактык жолдорун чектеши, жардамдардын токтотушан улам аймакта убактылуу порт куруу планын өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден жарыялаган.



Тектеш кабарлар