Кытай - Россия - Иран машыгуусу

Машыгуу өткөн жылы “Коопсуздук байланышы  - 2023” деген ат менен өткөрүлгөн.

2113981
Кытай  -  Россия  -  Иран машыгуусу

Кытай, Россия жана Ирандын деңиз флоттору Оман булуңуна жакын жерде биргелешкен деңиз машыгуусун баштады. 
Кытайдын  коргоо министрлигинен берилген маалыматта "Коопсуздук байланышы - 2024" деп аталган машыгуунун  11 - 15 -  мартта ишке ашырылары, "аймактык деңиз коопсуздугунун биргелеше сакталышын максат кылганы" айтылды. 

Машыгуунун Иран колдогон хусилердин Кызыл деңизден өткөн коммерциялык кемелерге кол салуулары жана АКШ  баштаган коалициялык күчтөрдүн Йеменге карата  кол салуулары менен аймактагы чыңалуу күчөгөн маалда өткөрүлгөнү көңүлдөрдү бурууда. 

Машыгуу өткөн жылы “Коопсуздук байланышы  - 2023” деген ат менен өткөрүлгөн.

 

 



Тектеш кабарлар