Грецияда демонстрациялар өттүүдө

Бул тууралуу Грек басма сөзүндө кабарлар орун алды.

2112600
Грецияда демонстрациялар өттүүдө

Грециянын Салоники шаарында өкмөттүн жеке менчик университеттерди ачууга уруксат берген жаңы мыйзам долбооруна каршы эл нааразылык акциясына чыкты.

Грек басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Салоники жумушчу борборунун мүчөлөрү жана студенттер чогулуп, жеке менчик университеттерди ачуунун ордуна мамлекеттик университеттерге колдоо көрсөтүүнү талап кылышты.

Мыйзам долбоору парламентте добушка коюла турган бүгүн өлкөнүн бир топ шаарында, өзгөчө борбор шаар Афина жана Салоникиде долбоорго каршы студенттик топтордун митингге чыгышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар