БУУ Газа боюнча тынчсызданууда

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жазуу түрүндөгү жарыясында Газадагы жарандарды жана жарандык түзүлүштөрдү коргоо үчүн бардык чаралардын көрүлүшү керектиги айтылды.

2110180
БУУ Газа боюнча тынчсызданууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Газадагы гуманитардык жардам кербенин аткылоосунан улам 100дөн ашуун киши каза болгон жана жүздөгөн киши жараланган окуяга «терең тынчсызданганын» билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жазуу түрүндөгү жарыясында Газадагы жарандарды жана жарандык түзүлүштөрдү коргоо үчүн бардык чаралардын көрүлүшү керектиги айтылды.

Эгер гуманитардык жардам тез жана тоскоолдуксуз жетпесе, газалыктардын «коркунучтуу деңгээлдеги курч азык-түлүк коопсуздугуна дуушар болору» эскертилген билдирүүдө,«Кеңештин мүчөлөрү Израилди гуманитардык жардамдын Газага кирүүсү үчүн чек ара бекеттерин ачык кармоого, гуманитардык муктаждыктарды кенен түрдө канааттандыруу үчүн кошумча өткөөлдөрдүн ачылышына көмөктөшүүгө жана Газадагы адамдарга жардамдын тез жана коопсуз жеткирилишин колдоого чакырышат» деген сөздөр камтылган.

Израиль армиясынын 29-февралда Газа шаарында гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарга кол салуусунан 118 киши каза болуп, 760тан ашуун киши жаралакат алган.



Тектеш кабарлар