Палестинаны колдоо митингдери

Көптөгөн өлкөлөрдө университет студенттеринин Палестинага колдоо көрсөтүү митингдери да уланууда.

2138705
Палестинаны колдоо митингдери
hollanda'da anneler gunu filistin destek.jpg
hollanda'da anneler gunu filistin destek.jpg
cenevre universitesi filistin destek.jpg
irlanda university college dublin filistin.jpg
hollanda anneler gunu filistin destek.jpg

Дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде миңдеген адамдар Израилдин Газадагы кол салууларына нааразылык билдирип көчөгө чыгып жатса, университеттерде да Палестинаны колдоо демонстрациялары уланууда.

Нидерландияда көпчүлүгү аялдардан турган топ палестиналык энелерди колдоо максатында митинг өткөрдү.

Роттердам шаарында миңдеген адамдар, кепинге оролгон ымыркай макеттери менен жүрүшкө чыгышты.

«Энелер геноцидге каршы» деп аталган жүрүштө Израилге каршы ураандар чакырылды.

Палестинаны колдоо демонстрациялары Германиянын борбор шаары Берлинде да өттү.

Израилдин Газага кол салууларына жана Германиянын Израилге курал сатуусуна нааразылык билдирилди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы жүрүшкө болсо полиция кийлигишти.

Полиция митингчилерди таркатып, көп сандаган кишини камакка алды.

Көптөгөн өлкөлөрдө университет студенттеринин Палестинага колдоо көрсөтүү митингдери да уланууда.

Ирландияда Дублин университетинин студенттери, Газага тилектештигин көрсөтүү максатында кампуста лагерь түзүштү.

Швейцариядагы Женева университетинин студенттери болсо Палестинаны колдоо демонстрацияларын токтотпой жатышат.

Лозанна университетинин студенттери да «Баарыбыз Газанын балдарыбыз» деген ураан менен Израилдин Газадагы кыргынына көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар