БУУ Израилге персонал жөнөтө турганын билдирди
Бириккен Улуттар Уюму Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRWA) байланыштуу дооматтарды иликтөө үчүн Израилге персонал жөнөтө турганын жарыялады.
Бириккен Улуттар Уюму Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRWA) байланыштуу дооматтарды иликтөө үчүн Израилге персонал жөнөтө турганын жарыялады.
БУУнун басма сөз кызматы тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, баш катчы Антонио Гутеррештин БУУнун Ички Көзөмөл Кызматтары Бюросу (OIOS) тарабынан «UNWRAнын кээ бир кызматкерлеринин 7 - октябрдагы кол салууларына ыктымалдуу катышуусуна карата дооматтарга" байланыштуу иликтөөлөр тууралуу маалымат алганы белгиленди.
Билдирүүдө OIOSнун кызматкерлеринин израилдик жетекчилерден тергөөгө тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн жакында Израилге барууну пландап жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.
OIOS кызматкеринин түрдүү булактардан алынган маалыматтарды изилдөө үчүн Иорданиянын борбор шаары Аммандагы UNRWAнын башкы кеңсесине барганы билдирилген маалыматта «OIOSтун иштерине Гутерриштин аларды бул маселе боюнча дайындагандан кийин ишин баштаганы" белгиленди.
Билдирүүдө тергөөнүн уланып жатканы, OIOS кызматкерлери UNRWA тарабынан израилдик жетекчилерден алынган алгачкы маалыматтарды карап чыгышканы жана тергөөгө байланыштуу кандайдыр бир маалымат алуу үчүн башка мүчө мамлекеттер менен да байланышта экендиги айтылды.