Испания Израилге курал сатпайт

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес өлкөсүнүн Израилге курал сатууну 7 - октябрдан бери токтотконун билдирди.

2106781
Испания Израилге курал сатпайт

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес өлкөсүнүн Израилге курал сатууну 7 - октябрдан бери токтотконун билдирди.

Альбарес Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу имаратында пресс - конференция өткөрдү.

Израилге курал эмбаргосун киргизеби деген суроого Албарес 7 - октябрдан кийин Израилге жаңы курал сатуу лицензиясы берилбегенин айтты.

Ушул себептен иш жүзүндө Израилге эмбарго киргизилгенин баса белгилеген Альбарес : «Учурдагы абал улана турган болсо, Израилге курал сатпайбыз»,-деди.

Испаниянын Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык баш калкалоочуларга жардам  иштери боюнча  агенттигине (UNRWA) 3,5 миллион евро каржы берерин жарыялаганын белгилеген Альбарес муну кыска мөөнөттө кантип көбөйтүлөрүнө  карап жатышкандарын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар