Австралиядагы токой өрттөрү

Австралиянын Виктория штатында көзөмөлгө алына албаган токой өртүндө 14 миң гектардан ашык жер күйүп, күлгө айланды.

2106833
Австралиядагы токой өрттөрү

Австралиянын Виктория штатында көзөмөлгө алына албаган токой өртүндө 14 миң гектардан ашык жер күйүп, күлгө айланды.

The Age басылмасынын маалыматына караганда, батыштагы Виктория штатында өрттү өчүрүүгө 1000 өрт өчүрүүчү бөлүндү.

Виктория штатынын президенти Жакинта Аллан  социалдык медиа Хтан берген билдирүүсүндө өрттөрдө  14 миң гектардан ашуун аянттын күлгө айлангандыгын жана түрдүү аймактарда эвакуация эскертүүсүүнүн берилгендигин белгиледи. 

Австралиянын өзгөчө кырдаалдар министри Мюррей Уотт ABC телеканалына берген маегинде штаттын батышындагы Бофорт шаарында 5-10 үйдүн өрттөнгөндүгүн,  жабыркаган мүлктөрдүн санынын көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Жетекчилер шамалдын  өрттү түндүк - чыгыш тарапка сүргөндүгүн, Бофорт шаарынын айланасындагы конуштардын өрт коркунучу менен бетме  - бет экендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар