Колумбиянын президент Густаво Петро Газадагы кол салууларда балдардын каза болгонуна көңүл бурду

Колумбиянын президенти Густаво Петро Израилдин Газадагы кол салууларына жана кол салууларда каза болгон балдарга көңүлдөрдү буруп : «Балдарды бомбалар менен өлтүрүү жамандык»,- деди.

2106648

Петро социалдык медиа эсеби Хтен берген билдирүүсүндө Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхуну «бала өлтүргүч» Иродго салыштырып : "Геноцидге нааразымын. Балдарды бомба менен өлтүрүү - жамандык. Латын Америка элинин көпчүлүгү Нетаньяхунун жапайычылыгына жана анын заманбап Иродго айланышына каршы",-деди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газада ок атышпоо талабынын вето кылынышын сынга алган Педро : «Көптөгөн адамдар Палестина элинин жок кылынышына каршы. БУУдагы ветолор  ырайымсыздыкты жана жапайычылыкты алып келет же адамзат цивилизациясын коргойт",- деп баа берди.  

Петро айткан  Ирод Матай инжилиндеги баянга караганда Иса пайгамбардын туулгандыгы тууралуу кабар алганда тактысын коргоп катуу үчүн  Бейтүллахимде  эки жашка чейинки бардык эркек ымыркайларды өлтүрүүнү буйруган ырайымсыз лидер катары эскерилүүдө. 

Тектеш кабарлар