Газадан чыга албаган дарыгерлер

Жалпы 20 америкалык дарыгердин бар экенин белгилеген Кирби, ооруканада калган 3 дарыгер тууралуу бул этапта баа бере албастыгын белгиледи.

2141048
Газадан чыга албаган дарыгерлер

Газадан чыга албаган 17 америкалык дарыгер эвакуацияланды.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук байланыш кеңешчиси Жон Кирби күнүмдүк пресс - брифингинде Газадагы Европа ооруканасында калган жана Рефах чек арасы жабык болгондуктан аймактан чыга албаган дарыгерлер тууралуу маалымат берди.

Кирби сөз болгон ооруканадагы жана бейтаптарга чукул жардам берүү кызматы аяктагандыктан аймактан чыгууну каалаган  17 Америка жараны дарыгердин кечээ аймактан эвакуациялангандыгын айтты. 

Жалпы 20 америкалык дарыгердин бар экенин белгилеген Кирби, ооруканада калган 3 дарыгер тууралуу бул этапта баа бере албастыгын белгиледи.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна караштуу миссия менен 1 - майда газалык жарандарга жардам берүү үчүн аймакка барган 20 дарыгердин Европа ооруканасында иштегенден кийин өткөн дүйшөмбү күнү кетүүнү пландаганы, бирок аймактан чыга албаганы билдирилди. Рефах чек ара дарбазасынын жабылышынан улам аймактан чыга албагандары билдирилген. 



Тектеш кабарлар