Израиль Газада чоң жоготууларга учуроодо

Жок кылынган унаалардын арасында танктар,кызматкерлерди ташыган унаалар жана бульдозерлердин бар экендиги маалымдалды.

2141036
Израиль Газада чоң жоготууларга учуроодо

Израиль Газа тилкесинде кургактыктан кийлигишкен жерлерде чоң жоготууга учурады.

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын аскердик канаты Иззеддин аль - Кассам бригадалары акыркы 10 күндө Газа тилкесинин ар кайсы жеринде Израиль армиясына таандык 100 аскердик унааны жок кылгандарын жарыялады.

Жок кылынган унаалардын арасында танктар,кызматкерлерди ташыган унаалар жана бульдозерлердин бар экендиги маалымдалды.

Жогорку даражалуу офицерлер да болгон Израиль аскерлерине олуттуу жоготууга учурагандыгы баса белгиленди. 

Аянтта Израиль күчтөрү менен Палестина каршылык көрсөтүү топторунун арасында катуу кагылышуулар болуп, израилдик өкүл да муну моюнга алды.  

Израилдик депутат Амит Халеви Израилдин  Канал  14 телекөрсөтүүсүнө маек берди. 

Халеви Кассам бригадаларынын баарынын активдүү экендигин жана эч биринин жок кылынбагандыгын билдирди. 

Халеви Исламдык  жихаддын бригадаларынын да ушундай эле  күрөшүн улантканын белгиледи.

Израилдин коргоо министринин Кассам бригадаларынын көбүн жок кылгандыгына байланыштуу билдирүүлөрүн жалганга чыгарган  Халеви  аймактын көзөмөлүнүн Израилде эмес экенин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар