Канада Украинага учкучсуз учуучу аппараттарын жөнөтөт

Канаданын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө Украинага SkyRanger R70 үлгүсүндөгү 800дөн ашуун учкучсуз учуучу аппараттын ​​жиберилери билдирилди.

2104810
Канада Украинага учкучсуз учуучу аппараттарын жөнөтөт

Канада 2022-жылдын 24-февралынан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага өзүндө өндүрүлгөн 800дөн ашуун учкучсуз учуучу аппаратты жөнөтө турганын жарыялады.

Канаданын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө Украинага SkyRanger R70 үлгүсүндөгү 800дөн ашуун учкучсуз учуучу аппараттын ​​жиберилери билдирилди.

Билдирүүдө жалпы баасы 70 миллион доллардан ашкан учкучсуз учуучу аппараттардын Украинанын коргонуусуна салым кошо турганы белгиленди.

Билдирүүдө учкучсуз учуучу аппараттардын чалгындоо маалыматын чогултууда чоң мааниге ээ экени баса белгиленип, бул аппараттардын материалдарды ташуу үчүн да колдонула ала турганы белгиленди.

Билдирүүдө бул учкучсуз учуучу аппараттардын украин аскерлерине өзгөчө караңгылыкта жана жагымсыз аба ырайы шарттарында алыскы аралыктан кандайдыр бир жылуулук булагын таанууга жардам берери белгиленди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар