НАТО союздаштары Украина үчүн макулдашты

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда өткөрүлгөн Коргоо министрлери жана НАТО-Украина Кеңешинин жыйналыштарынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

2103196
НАТО союздаштары Украина үчүн макулдашты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, НАТО союздаштарынын Украинага 1 миллион учкучсуз учуучу аппарат жөнөтүү үчүн макулдашкандарын билдирди.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда өткөрүлгөн Коргоо министрлери жана НАТО-Украина Кеңешинин жыйналыштарынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Башкы катчы: «Бир канча союздаштар Украинага 1 миллион  учкучсуз учуучу аппараттарды берүү максатында чогулуп жатышат. НАТОнун 20 союздашы да мина тазалоо коалициясын түзүүнү чечишти»,-деди.  

Бир суроо боюнча Түркия, Болгария жана Румыниянын Кара деңизде мина тазалоо иштерин биргелешип жүргүзүп жаткандарына ыраазы экенин айткан Столтенберг, бул аракеттердин Украинанын кургактык сууларын колдонуусуна, Орусияга каршы деңизде ийгиликке жетишине жана эгин экспорттоого шарт түзгөнүн белгиледи.

Столтенберг ошондой эле Польшада жаңы НАТО-Украина орток талдоо жана машыгуу борборун түзүүгө чечим чыгарылганын да жарыялап, бул түзүмдүн максатынын Украина армиясына тажрыйба берүү экенин айтты.



Тектеш кабарлар