Испанияда дыйкандардын нааразылык акциялары уланууда

Севилья, Сьюдад-Реал, Уэска, Бургос, Саламанка, Сарагоса, Бадахос, Паленсия, Авила, Витория, Куэнка жана Наварра аймагындагы жолдор тракторлор менен жабылды.

2099738
Испанияда дыйкандардын нааразылык акциялары уланууда

Испаниядагы дыйкандар үч күндөн бери жол тосушууда.

Дыйкандар талаадан базарга азык-түлүк чынжырында лимондо 880 пайызга жеткен жогорку баалардын көтөрүлүшүнө чечим табылышын каалашат.

Дыйкандардын нааразылык акциялары өзгөчө Каталония аймагында алгачкы эки күнгө салыштырмалуу азайганы менен Севилья, Сьюдад-Реал, Уэска, Бургос, Саламанка, Сарагоса, Бадахос, Паленсия, Авила, Витория, Куэнка жана Наварра аймагындагы жолдор тракторлор менен жабылды.

Митингчилердин маал-маалы менен жандармерия жана полиция кызматкерлери менен тирешкени да байкалды.

Өлкөдө камсыздоо жана бөлүштүрүү тармагынын акырындашына себеп болгон митингдерге байланыштуу билдирүү жасаган супермаркеттер чынжырларына караштуу Аседас бирикмеси, демонстрацияга чыгуу укугун урматтагандарын, бирок фура жана жүк ташуучу унаалардын эркин жүрүшүнө уруксат берилиши керектигин антпесе жакынкы күндөрү базарлардан продукция табуунун кыйындай турганын жарыялады.

Айыл чарба тармагындагы кээ бир алдыңкы профсоюздардан Асаджа, COAG жана UPA колдогон нааразылык акцияларында дыйкандар Европа Биримдигинин Жалпы айыл чарба саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылышууда.

Дыйкандар 21-февралда борбор шаар Мадридде ири демонстрацияга чыгуу чакырыктарын улантышууда.

Грецияда да дыйкандар айыл чарба тармагындагы көйгөйлөргө көңүл буруу үчүн баштаган нааразылык акцияларынын алкагында Афина-Тесалоники жолун тосуп, унаалардын кыймылын токтотушту.

Кээ бир жолдордо от жаккан дыйкандар менен полициянын ортосунда маал-маалы менен тирешүү болду.



Тектеш кабарлар