АКШда Израилди колдоо боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

Добушка коюуда 250 “макул”, 180 “каршы” добушу берилди.

2098723
АКШда Израилди колдоо боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасы Израилге 17,6 миллиард долларлык колдоо көрсөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоорун четке какты.

Өкүлдөр палатасына сунушталган жана Израилге 17,6 миллиард долларлык колдоону караган мыйзам долбоору «Израилге гана жардамды көздөп, Украина баш болгон башка ички жана тышкы саясат маселелерин сыртта калтырганы үчүн» четке кагылды.

Добушка коюуда 250 “макул”, 180 “каршы” добушу берилди. Ушундайча мыйзам долбоору аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон 2/3 көпчүлүк добушка ээ болбогондуктан четке кагылды.

АКШнын президенти Жо Байден да эгер анын үстөлүнө Израилге гана колдоону көздөгөн, бирок Украина жана чек ара коопсуздугу боюнча беренелерди камтыбаган мыйзам долбоору келсе, ага вето кое турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар