Газадагы мектептен колдору жана көздөрү байланган 30 кишинин сөөгү табылды

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 117 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

2095942
Газадагы мектептен колдору жана көздөрү байланган 30 кишинин сөөгү табылды

Израиль армиясынын Газа тилкесинде 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 26 миң 900гө жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 117 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Израиль күчтөрүнүн кечээ Газа тилкесинде дагы 150 палестиналыкты өлтүргөнүн, 313 палестиналыкты да жаралаганын белгилеген Кудра, 7-октябрдан бери Газада каза болгон палестиналыктардын саны 26 миң 900гө, жаралуулардын саны 65 миң 949га жеткенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы, дагы деле урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экенин, Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул жансыз денелерге жете албай жатканын баса белгиледи.

Ал арада Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахияда Израиль тарабынан блокадага алынган мектептен колдору жана көздөрү байланган 30 кишинин сөөгү табылды.

Палестиналык туткундар коому бул абалга «Жансыз денелери табылган бул адамдарды Израилдин жок кылгандыгынын ачык белгиси» деп сереп салды.

Израиль күчтөрү, Газа тилкесинин түштүгүндө 10 күндөн бери курчоодо турган Хан Юнустагы Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомуна караштуу аль-Амел ооруканасынын короосуна да кол салышты.

Палестинанын Кызыл Жарым Айынын X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Израилдин баскынчы күчтөрү, аль-Амел ооруканасынын короосуна чабуул жасап, тез жардам бөлмөсүнүн кире бериш жана сырткы эшиктеринин алдына жайгашты»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Израиль аскерлеринин оорукананын короосунда катуу ок чыгарганы белгиленип: «Ооруканага Кызыл Жарым Ай кызматкери да арасында болгон 7 шейит жана 9 жарадар алып келинди»,- деп кабарланды.

Бир тараптан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) глобалдык өзгөчө кырдаалдар директору Майк Райан, Газадагы элдин ачарчылыкта жана айласыз абалда экенин билдирди.

Райан ДССУнун апталык маалымат жыйынында: «Газадагы эл айласыз абалда. Газанын эли ачарчылыктан өлүүдө. Газадагы жарга түртүлгөн эл жана алар бул кагылышуунун тарабы эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар