Газа тилкесинде каза болгондордун саны жогорулап жатат

7 -  октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине  карата кол салууларында  өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны  26 миң  637ге жетти.

2095055
Газа тилкесинде каза болгондордун саны жогорулап жатат

7 -  октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине  карата кол салууларында  өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны  26 миң  751ге жетти. 

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  -  Кудра Израилдин Газа тилкесине  116 күндөн бери жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Израиль күчтөрүнүн  акыркы  24 саатта Газа тилкесинде  дагы 114  палестиналыкты өлтүргөндүгүн, 249 палестиналыкты жаралагандыгын белгилеген Кудра Газада  7 -  октябрдан бери  өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны  26 миң  761ге, жаралуулардын саны да  65 миң  636га жогорулагандыгын айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы урандылардын астында  жана жол жээктеринде сөөктөрдүн табылгандыгын бирок медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөргө жете албагандыгын баса белгиледи.

Израиль армиясынын Газанын түштүгүндөгү Хан Юнуста  Насер ооруканасы менен Амал ооруканасын курчоону күчөткөнүн белгилеген Кудра курчоо менен дары – дармек, медициналык каражаттардын түгөнүшүнүн натыйжасында жаралууларды куткаруунун мүмкүн болбой жаткандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар