Россияда америкалык журналисттин камак мөөнөтү узартылды

Россияда тыңчылык менен айыпталып кармалган Wall Street Journal журналынын кабарчысы Эван Гершкович бүгүн кайрадан сот алдына чыкты.

2093869
Россияда америкалык журналисттин камак мөөнөтү узартылды

Россияда америкалык журналист Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтү дагы 2 айга узартылды.

Россияда тыңчылык менен айыпталып кармалган Wall Street Journal журналынын кабарчысы Эван Гершкович бүгүн кайрадан сот алдына чыкты.

Лефортово райондук соту Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 30-мартка чейин узартуу чечимин чыгарды.

Угууга АКШнын  башкы консулу Стюарт Вилсон да катышты.

32 жаштагы Эван Гершкович 29 - мартта Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жаткан учурунда орус армиясынын өнөр жай комплекси боюнча маалымат чогултуу деген жүйө менен тыңчылыкка айыпталып кармалган.

Борбор шаар Москвадагы сот Гершковичти 29  - майга чейин камалуу түрүндө соттолушуна чечимин чыгарып,  23 - майда журналисттин камалуу мөөнөтүн 30-августка чейин узартуу чечимин чыгарган.

Гершковичтин камакта кармалуу мөөнөтүнүн узартылышы тууралуу   арызы четке кагылып,  24 - августта Гершковичтин камактагы мөөнөтү 30 - ноябрга чейин узартылган.

Гершковичтин камактагы мөөнөтүнүн акыркы болуп  30 - январга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Америкалык журналист өзүнө коюлган тыңчылык айыптарды четке кагып, АКШ өкмөтү Гершковичти дароо бошотууга чакырган.

 



Тектеш кабарлар